Уюмдун 18-июндан 24-июнга чейинки байкоо жүргүзүүсүн жыйынтыгы 30-июнда кечке жуук таратылды. Анда өлкөдөгү маалымат каражаттарынын президенттике алты талапкердин үгүт өнөктүгүн чагылдырылышы жарыяланган. “Медиа өкүлчүлүктүн” байкоосу боюнча Улуттук каналдан талапкерлерге байланыштуу берилген убакыттын 80% Курманбек Бакиевге арналган. Ал эми Жеңишбек Назаралиев 7%, Нурлан Мотуев 4%, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев жана Токтайым Үмөталиева 3%дан гана убакыт алган. ЭлТР каналы Курманбек Бакиевге 96% убакыт, НТС дээрлик 100% убакыт берген. Гезиттерде кээ бир көз карандысыз гезитер оппозиция лидерлерине көбүрөөк көңүл бурса, өкмөттүк гезиттерде, айрым көз карандысыз гезиттер Курманбек Бакиевге артыкчылык берген. (AiT)