Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Эл аралык мунапыс укук бузуулардын токтошу Түндүк Кавказдагы стабилдүүлүккө жардам берет деп эсептейт


Бул тууралуу баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюмдун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Орусиянын Түндүк Кавказдагы республикаларында кийинки кездери орун алган зордук –зомбулуктар менен кыянатчылыктар жөнүндө Эл аралык Мунапыстын 48 беттен турган баяндамасында сөз болот. Эл аралык Мунапыс өз баяндамасында орус өкмөтүн аймакта мыйзам үстөмдүгүн орното албай жатканы үчүн сынга алган. Уюмдун пикиринде, Чеченстан, Ингушетия, Дагестан, Кабардин –Балкар өңдүү республикаларда адам укугун бузуулардын токтошу Түндүк Кавказ чөлкөмүнө стабилдүүлүк алып келүүсү мүмкүн. Орусия тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эл аралык Мунапыстын баяндамасында айтылганды комментарийлөөдөн баш тартты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG