Орусия парламенти 2006-жылы эле кабыл алган мыйзамга ылайык, быйыл 1-июлдан тарта казинолор менен оюн машиналары коюлган залдар өлкөнүн атайын бөлүнгөн төрт аймагында гана иштей алат. Алардын эң жакыны Ростов облусу менен Краснодар крайынын чегинде - Москвадан бир миң чакырым аралыкта жайгашкан. Калган үч аймак Алтай, Приморье крайларында жана Калининград облусунда.