Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

"Мен ишенбейм!" флеш-моб акциясын өткөрдү


Жаштардын "Мен ишенбейм!" кыймылы уюштурган флеш-моб акциясы "Биз акыйкат шайлоо үчүн" деген ураан алдында өттү. Ага БЭКтин жана "Ак жол" партиясынын өкүлдөрү катышышты. Акция алдыда турган президенттик шайлоону ачык жана калыс өткөрүүгө коомчулуктун көңүлүн буруп, ар бир жарандын жоопкерчилигин көтөрүү максаты менен өткөрүлдү. Борбордук "Ала Тоо" аянтында өткөн акциянын катышуучуларына милиционерлер аянт эс алууга арналган жер экендигин эскертишип, тезинен тарап кетүүгө чакырышты. Акцияны уюштуруучулар мындай иш-чараларды шайлоого чейин улам-улам өткөрө беришээрин билдиришти.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG