Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

БЭК: "Ак жолдун" тынчсыздануусуна негиз жок


Бул тууралуу "Азаттыкка" БЭКтин шайлоо штабынын мүчөсү Жыргалбек Турдукожоев билдирди. Анын айтымында, "Ак жол" партиясынын саясий кеңешинин президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин "Эркин Тоо" гезитине жарыяланган үгүт материалында Шайлоо Кодексин бузду деп тынчсыздануусуна негиз жок. "Ак жол" партиясынын саясий кеңеши жыйын куруп, анда талапкер Алмазбек Атамбаев "Эркин Тоо" гезитине жарыялаган үгүт материалында Акаев менен Бакиев феодалдык хандыкты түзүп жатат деп айтып, Шайлоо Кодексининин отузунчу жана отуз алтынчы беренелерин бузду деген чечимге келгендигин жарыя кылган. БЭКтин өкүлү Ж.Турдукожоев Атамбаевдин мындай билдирүүсүнө негиз берген көрүнүштөр азыр өлкөнүн бардык аймагында бекем орун алды, демек аны жокко чыгаруу мүмкүн эмес деп билдирди.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG