Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:50

Э.Бөлөкбаев менен анын жактоочусу жолуга албай жатат


Мындай маалыматты бүгүн Эркин Бөлөкбаев жетектеген "Жашылдар" партиясы таратты. Анда 27-апрелден бери абакта жаткан саясатчынын иши 27-июнда Москва райондук сотуна берилгенден бери Бөлөкбаев менен жактоочуларынын жолугушуусуна мүмкүнчүлүк берилбей жатканы жана буга жолугушууга уруксаат бере турган Москва райондук сотунун төрагасынын иште болбогондугу башкы себеп экендиги айтылат. Ал эми Москва райондук сотунун төрагасы Куттубай Тургунбаев "Азаттыкка" Эркин Бөлөкбаевдин иши сотко 29-июнда келип түшкөндүгүн, бирок андан бери жолугушуу өтүнүчүн билдирип эч ким сотко кайрылбагандыгын билдирди. Анын айтымында, саясатчы менен жолугушуу өтүнүчү каттоого алынгандан кийин уруксаатты ишти карай турган судья берүүгө милдеттүү, бирок андай өтүнүч катталган эмес.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG