Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:00

Майлы-Суудагы окуучусун сабаган мугалимге козголгон сот иши токтотулду


Жалал-Абад обулустук соту Майлы-Суудагы № 5 мектептин окуучусуна кол көтөргөн мугалим Жазгүл Исмаиловага каршы козголгон ишти токтотуу туралуу чечимин чыгарды. Сот иши тараптардын келишкендигине байланыштуу токтотулганын Voice of Freedom билдирет. Мугалиминен таяк жеген окуучу Бегалы Дөөлөталиевдин атасы Рашид сотко мугалимге карата эч кандай дооматы жок экендигин билдирген арыз берген. Апрель айында Майлуу-Суу шаарында №5 мектептин мугалими окуучуну уруп жаткандыгы тууралуу видео тарап, ал укук коргоочулардын кескин сынына кабылган эле. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG