Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

Нарында тестирлөө борбору ачылды


Эми мындан ары Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунан жана Нарын шаарынан кадрларды таңдоо акыйкат жүргүзүлөт. Мурункудай жогору жактан, депутаттардан тиги же бул кызматкерди алып койгула деген телефон чалуу, басым кылуу жоюлат. Ушундан улам мамлекеттик кызматкерлердин деңгээли төмөндөп кеткен. Мындай пикирди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агеттиктин деректиринин орун басары Нарынбек Касымов бүгүн Нарын шаарында тестирлөө борборун ачуу аземинде билдирди. Борбор Дүйнөлүк Банктын көмөгү аркылуу 150 миң сомдук 6 компьютер, эмеректер менен толук жабдылган жана өлкөдөгү төртүнчү борбор болуп саналат . Бирок тесттин 2600 суроолору орус тилинде жазылган экен. (KUs).

XS
SM
MD
LG