Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Ж.Сорос 100 миллион долларын жардамга берди


"Ачык коом" деп аталган институттун төрагасы Жорж Сорос 100 миллион долларын Балкандагы, Балтиканын боюндагы, Борбор Азия, Кавказдагы өлкөлөргө жана Украинага жардам иретинде бөлдү. Каражатты кайсы мамлекеттерге кандайча бөлүштүрүүнү Соростун фондунун 20 мамлекеттеги өкүлдөрү менен бирге Чыгыш Европадагы өлкөлөрдүн жарандарынан түзүлгөн комитет иликтеп чыгат. Соростун айтымында, жардам окуучуларга көмөк көрсөтүүдөн баштап, жоголуп кетүү коркунучуна кептелген маданий байлыктарды сактоого чейин жумшалат. Мындай жардамга муктаж Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан да бар.(BD)

XS
SM
MD
LG