Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Жалал-Абатта А. Атамбаевдин жактоочулары үгүт өнөктүгүнө тоскоолдук болуп жатканын билдирүүдө


БЭКтин облустагы мүчөсү Төрөкан Алимов кабарлагандай, бийликти жактаган адамдар менен айыл өкмөт, социалдык тармактын жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү А. Атамбаевдин жактоочуларына кысым көрсөтүүдө. БЭКтин талапкерлеринин үгүт баракчаларын таркатууга Базар-Коргон, Ноокен райондорунда тоскоолдук жасалууда. "Президенттик шайлоодон кийинки да жашооңду ойлоп кой!", - деген мүнөздүү коркутуулар болууда. Аталган райондордун башчылары өз кезегинде мындай маалыматты четке кагышууда. Ички иштер башкармасынын өкүлү тартип сакчыларынын милдети коопдук тартипти сактоо экендигин билдирди. «Ак жол» партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемиров Т. Алимовдун айткандарын ушак деп баалады. (YA)

XS
SM
MD
LG