Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

АКШ менен мамилени оңдош үчүн Лукашенко «тыңчыны» түрмөдөн чыгарды


Эммануил Зельцер түрмөдөн чыгышы менен журналисттердин суроолоруна жооп берди. 30-июль, 2009
Эммануил Зельцер түрмөдөн чыгышы менен журналисттердин суроолоруна жооп берди. 30-июль, 2009

Беларуста былтыр тыңчылык үчүн камалган америкалык адвокат Эммануил Зельцер президент А.Лукашенконун буйругу менен кечээ эркиндикке чыгарылды. Президенти муну менен беларус-америка алакалары жакшырат деп үмүттөнөөрүн айтты.

Александр Лукашенконун басма сөз кызматы шейшембиде президенттин буйругу тууралуу билдирүүсүндө «Бул Америка үчүн, биздин алакалар үчүн маанилүү жана мамилелерибизди жакшырта алат» деди. Бир нече сааттан кийин Минсктен 200 чакырым алысыраактагы түрмөдөн Зельцер чыгарылды.

Кабар Вашингтондо да жылуу кабыл алынды. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Ян Келли: «Президент А.Лукашенко түрмөдөн Зельцерди бошотуу жөнүндө буйрук чыгарганын түшүндүк. Өзүңүздөр билгендей, Мамдепартамент ар кайсыл деңгээлде Зельцердин бошотулушун жактап келди. Ошондуктан буйруктан кийин тез эле ал бошотулганына сүйүнүп жатабыз».

Зельцер – мурдагы советтик эмигрант – АКШнын жараны жана адвокат. Ал уюшкан кылмыштуулукка жана арам акчаны адалдаштырууга каршы күрөш боюнча эксперт деп аталып жүрөт. Акыркы жолу ал грузин президенти Михаил Саакашвилинин оппоненттеринин бири Бадри Патаркацишвилини коргоп жүргөнү белгилүү.

А.Лукашенко азыр Батыш менен мамилени жакшыртууга далалат жасап турган чагы
Зельцердин бир тууганынын айтымында, Патаркацишвилинин мүлкүн текшерүү үчүн адвокат былтыр жайында Минскке келген экен. Эммануил Зельцер былтыр августта Минсте тыңчылык үчүн камалган. Анын жактоочулары бул айыпта саясий өңүтү бар деп ишенишет.

Бир жылдай беларус түрмөсүндө отурган Зельцер бир жолу да күнөөнү мойнуна алган эмес жана, беларус бийликтери анын ишин мунапыс боюнча жаңы мыйзамдын чегинде кароодон баш тартышкандан кийин, жакында ачкачылык жарыялаган болчу.

Зельцер кармалган кезде беларус-америка алакалары начарлап кеткен. Минсктен америкалык элчини чыгарып да жиберишкен эле. Беларус ал учурда Орусия менен мамилеси жакшыра баштаган. Бирок кийинчерээк орус тарап менен газдын баасынын айынан чыр чыгып, Беларус Батышка, атап айтканда, Евробиримдикке жакындаша баштады.

Өз кезегинде Евробиримдик мындай аракеттерге заматта жооп кайтарып, бир топ беларус саясатчыларына каршы киргизилген санкцияларын алып салды. Бу санкцияларды Еврошаркет 2006-жылы Лукашенко шайлоонун жыйынтыктарын бурмалады деп киргизген болчу.

А.Лукашенко Америка менен да мамилени жакшыртууга аракет кыла баштады. Бирок азырга чейин Минскте америкалык элчи жок. Анын үстүнө АКШ өзүндөгү ишканаларга Беларустагы энергетикалык ишкана менен иштөөгө салган тыйуусун алып кое элек.

Азыр А.Лукашенко Вашингтондун көңүлүн алыш үчүн Зельцерди эле эмес, АКШ «саясий себептер менен камалган» деп эсептегендерди да түрмөдөн бошотту. Бирок Мамдепартаменттин өкүлү Ян Келли бул аракеттерди жетишсиз деп атады. «Бул биздин алакалардын жакшырышына негизги кедерги эле, - деди ал. - Биз азырга чейин беларус өкмөтүнүн айрым аракеттерине тынчсызданып турабыз. Ошондуктан беларус тараптан башка да чаралардын көрүлүшүн күтөбүз».
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG