Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Гондурастын убактылуу өкмөтү эл аралык коомчулуктан айтылган чакырыктарды четке какты


Эл аралык коомчулук Гондурастын убактылуу өкмөтүн бийликтен аскерий төңкөрүштүн натыйжасында кулатылган президент Мануэль Селаяны ордуна отургузууга чакырган эле. Америка өлкөлөр уюму Гондурастын өкмөтүнө бул үчүн 72 саат убакыт берди жана талапты аткарбаса, бул аймактык бирикмедеги мүчөлүгү токтотуларын эскертти. Берилген мөөнөт ишембиде аяктайт. Бийликтен кулатылган Селая өзү болсо ошол мөөнөт аяктаганга чейин Гондураска кайтуу планын токтотту. Утурмдук өкмөт ал мекенине келсе, чыккынчылык кылганы үчүн камаларын айтууда.

Гондурастагы төңкөрүш өлкөдө белгиленген жалпы элдик референдумдун жуп алдында, ушул жекшембиде болгон. Аскерлер президентти четке кетүүгө мажбурлашкан. Референдумга Мануэль Селаянын президенттикке кайра шайлануусуна жол ачуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси коюлган эле. Бирок президенттин оппоненттери муну бийликти ээлеп алуу аракети катары баалашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG