Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

АКШ аскерлери Ооганстандын түштүгүндө талибдерге каршы ири операция баштады


Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясында талиб согушкерлерине каршы чабуул бейшембиде таңга маал башталды. Таратылган расмий билдирүүгө караганда, "Канжар" деп аталган ал операцияга АКШнын 4 миңдей, Ооганстандын 650дөй жоокери тартылат. Аларга абадан да колдоо көргөзүлмөкчү.

Америкалык генерал Лари Николсондун айтымында, азыркы операция мурдагылардан ага тартылган күчтөрдүн көптүгү жана тездиги менен айрымаланат.

Гильменд - талибдердин Ооганстандын түштүгүндөгү эң маанилүү таянычы жана апийим өндүрүшүнө эң көп салым кошкон провинция.

АКШ Ооганстанды талибдерден тазалоо жана августтагы президентик шайлоону утурлай өлкөдөгү коопсуздукту жакшыртуу максатында жөнөткөн кошумча күчтөрдүн бир бөлүгү дал ушул Гильменд провинциясына жиберилген жана операцияга ошолор катышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG