Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

БЭК президенттикке талапкерлер Бакиев менен Атамбаев телетаймашка чыгуусун сунуштоодо


БЭКтин уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун бүгүн журналисттерге билдиргени боюнча мындай сунуш БШКга берилди. Анын айтуусунда азыркы президент менен анын негизги талапкерлеринин бири Алмазбек Атамбаевдин УТРК аркылуу телетаймашка чыкканы жалпы шайлоочулар үчүн да кызыктуу жана пайдалуу болмок.
Буга чейин БШК чүчү кулак кармоонун негизинде телетаймашка чыга турган талапкерлерди аныктаган. Ага ылайык Алмазбек Атамбаев дагы бир талапкер Темир Сариев менен, Курманбек Бакиев Токтайым Үмөталиева менен телетаймашка чыгышмак. Ал эми талапкер Жеңишбек Назаралиев талапкер Нурлан Мотуев менен телетаймашка чыгуудан баш тарткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG