Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

БЭК: Шайлоо өнөктүгү мыйзам бузуулар менен коштолууда


БЭКтин саясий бюро мүчөлөрү бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуулар болуп жаткандыгын белгилешти. Кыймылдын мүчөсү Азимбек Бекназаровдун билдиргени боюнча Ош, Бишкек шаарларынын шайлоо комиссиялары мөөнөтү бүтүп баратканына карабастан, кайра түзүлгөн эмес. Ал эми мамлекеттик маалымат каражаттары бир гана талапкердин кызыкчылыгы үчүн иштеп, муну менен шайлоо кодексин өтө одоно бузуп атышат, дейт Азимбек Бекназаров.
БШК 1-июлда тараткан маалыматында үгүт иштерин жүргүзүүдө эч кандай теңсиздик жоктугун билдирип, ал эми талапкерлердин айрым маалымат каражаттары аркылуу аз чыгып жатышкандыгын алардын шайлоо фондундагы каражаттын түгөнүп бара жаткандыгы менен байланыштырган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG