Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Токтогул суу сактагычына агып кирип жаткан суу агымы азаюуда


3-июлга карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 9 млрд. 883 млн. метр кубду түздү. Ошол эле учурда суу сактагычка агып кирип жаткан суунун агымы өткөн жумадагыдан кыйла азайып, секундасына 1 259 метр куб болууда. Өткөн жумада бул көрсөткүч 1500 метр кубдан ашып түшкөн. Ошентсе да акыркы үч жыл ичинде бул эң жогорку көрсөткүч, деп белгилейт “Электр станциялары” АКнун басма сөз кызматы. Ошондой эле суунун сарпталышы да акыркы үч жыл ичиндеги эң аз өлчөмдү көрсөтүп турат. Алсак бүгүнкү күнү секундасына 176 метр куб суу сарпталып атса, өткөн жылы ушул мезгилде 279 метр куб, мурдагы жылы 453 метр куб суу ар бир секунд сайын сарпталып турган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG