Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

Б. Мамбетов: Камбар-Атанын акцияларын сатып, акча табыш керек


Камбар-Ата - 2 ГЭСинин курулушу

Камбар-Ата - 2 ГЭСинин курулушу

Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин төрагасы Базарбай Мамбетов “Азаттыктагы” маегинде Токтогул суу сактагычында суу топтоонун көлөмү, Камбар-Ата ГЭСин курууга инвестор тартуу зарлыдыгы жана мунайзаттын баасынын кымбаттаган себептери жөнүндө кеп салды.

-Базарбай мырза, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард куб метрге көп болуп, азыр 10 миллиард куб метрге жакындап калыптыр. Агым өткөн күндөргө караганда бир аз азайып секундасына 1 миллион 367 мин куб метр болуп жатыптыр. Мына ушул темптеги суунун топтолушу энергетикалык кризистен чыгууга алып келеби? Жарык өчүрүлбөй калабы?

- 1-июнга карата суунун көлөмү 2,6 млрд. көбөйгөн. Бул жакшы көрүнүш деп эсептейм. Азыр суунун көлөмүнүн келиши азыр 1400 куб. Секундасына келип жатат. Ушундай темп жүрүп отурсак быйыл биз энергетикалык кризистен оңой эле чыгып кетебиз деген менин оюм бар. Азыр Нарын бассейининдеги карлар ээрип бүтө элек. Он күндөн кийин мөңгүлөр ээрип баштайт. Июль, август айында суу сактагычка келип аткан суунун көлөмү көп болуп, биздин энергетика министри Давыдов 1-октябрга чейин Токтогул суу сактагычында 11 млрд. сууну кармап калышыбыз керек деген милдет коюптур. Менин эсебим боюнча 1-октябрга ушул темп менен баратып, 12-12 жарым млрд. кубду сактап калышыбыз мүмкүн.

- Бул Өзбекстан менен Казакстанга экспорттук милдеттерди аткаргандан кийинки?

- Ооба, өзбектер быйыл электр энергиянын дагы, суунун дагы бизге кереги жок деп айтышкан. Бирок казактарга июль айынын ортосунан баштап 550 млн. киловатт саат электр энергияны сатышыбыз керек экен. Ошону бериш үчүн биз кошумча 600 млн. куб сууну чыгарышыбыз керек.

-Камбар-Ата -2 ГЭСин өкмөт өзу куруп бүтүрө албасын мойнуна алып, аны ачык акционердик коомго айлантты. Ага эми инвестор тартылышы керек. Буга сиздин көз караш?

- Андай деп айтканга болбойт. Себеби акционердик ачык коом түзүүнүн эң негизги максаты - ошол Камбар-Ата-2 ге чет элдик инвесторлорду, же Орусиянын мамлекеттик инвестицияларын алып келип, ошолор менен биргелешип куруу. Биз “Камбар-Ата-2” ачык акционердик коом кылганыбыздын бир себеби - Камбар-Ата ГЭСинин келерки пайдасын карап, ошонун акциясын карап, биржаларга акцияны сатып, акча табышыбыз керек.

Кечээ күнү эле Таластагы Андаш алтын кенинин ээси “Андаш аурм майнинг компани” деген алтынды чыгарбай жатып эле 80 пайыз акциясын, башкача айтканда келечектеги боло турган пайдасынын 80 пайызын Лондондогу фонддук биржага чыгарып сатам деп жарыялаптыр. Ошондой эле жол менен биз Камбар-Ата-2 дагы акциясын дүйнөлүк фонддук биржаларга чыгарып сатып акча табышыбыз керек.

-Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча кыргыз-орус келишими кандай аткарылып жатат. Сизде кандай маалымат бар?

- Мендеги маалымат боюнча Камбар-Ата-1 Орусия, Казакстан, Кыргызстан үчөө биргелешип техникалык-экономикалык негиздөөсүн иштешип, 1-2 айдын ичинде бүтүрүп, ошону биздин өкмөт карап чыгып бекитет. Ошондон кийин гана үч өлкө биригишип, кандай жол менен курат, кимиси канча акча берет, ошну чечишет.

- Базарбай мырза, мунайга баа дүйнөдө көтөрүлүшу менен Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттай баштады. Бул тенденция уланабы?

- Июнь айы менен салыштырганда июль айында бензиндин басы бир сомдон бир жарым сомго чейин кымбаттады. Себеби дүйнөдөгү чийки нефтинин баасы январь айы менен салыштырганда эки эсе кымбаттап кетти. Дүйнөдөгү болуп жаткан баалардын секирип турушу бизге түздөн түз таасир этет.

Мен айткам, июнь айынын ортосунда биз бензинди, дизель майын бир сомдон бир жарым сомго чейин кымбаттатабыз деп. Ошол божомол туура чыгып атат. Бир жарым айдан бери дүйнөдөгү чийки майдын баары 60 доллардан 70 долларга чейин секирип кайра түшүп, азыр кырдаал ошондой болуп жатат.

Биздин авто айдоочуларга айтып коюшум керек, июль айынын аягына чейин аябай чоң кымбаттоо болбойт. Көп болсо 1-2 жолу 50 тыйынга көбөйтөбүз дүйнөдөгү баанын көбөйгөнүнө карата.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG