Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Мянмага келди


Баш катчы Мянма бийлигин саясий туткундарга, алардын ичинде оппозиция лидери, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжиге эркиндик берүүгө үндөмөкчү. БУУнун баш катчысы келер алдында Мянма бийлиги Аун Чжи айымдын сотун 10-июлга калтырды. Су Чжи үй камагынын шарттарын бузган деп айыпталып, камоодо. Пан Ги Мун аскер режиминин лидери Тан Шве менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө. Баш катчыга Аун Сан Су Чжи менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилеби же жокпу азырынча белгисиз. Аун Чжи айым акыркы 20 жылдан бери абакта же үй камагында отурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG