Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Обаманын Москвадагы сапары Киев менен Тбилисини бушайманга салды


АКШ президенти Барак Обама Вашингтондо Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту, 7-май, 2009-ж.
АКШ президенти Барак Обама Вашингтондо Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту, 7-май, 2009-ж.

АКШ президенти Барак Обаманын командасы Москва менен мамилелерди “кайра баштоо” демилгесин көтөргөндөн бери Орусиянын айрым коңшулары Вашингтон бизди садагага чабабы деп сарсанаа. Ушу тапта Обама Москвага барууга камданып жаткан чакта Украина менен Грузияда алда кандай сөздөр айтылат деген тынчсыздануу маанайы күч алды.

Вашингтон менен Москва жакындашып кетеби деп, Орусиянын айрым коңшуларынын тынчы кетип турган кез. Тбилисилик саясат таануучу Гия Нодия: “АКШ менен Орусиянын ортосунда кандайдыр бир соодалашуу болуп кетеби деген коркуу, чочулоо бар бул жакта. Ким билсин, балким, Орусия АКШнын Ооганстандагы, же башка жердеги операцияларын колдоп берсе, ал үчүн АКШ Грузияны садагага чаап салабы”, - деген пикирин айтат.

Мурдагы АКШ президенти Жорж Буштун тушунда Грузия менен Украина Москванын таасиринен бошоноорун жарыялап, ал үчүн Вашингтондун жылуу мамилесине арзыган. Азыр эми Вашингтондогу Ак үйдө Москва тарапта прагматикалык саясат жүргүзүлөт деп айтыла баштаган соң, демократияны тандаган айрым постсоветтик өлкөлөр биздин келечек кандай болот деп бушайман тарта баштаган өңдүү. Аларды далыга таптап, Кошмо Штаттардын жаңы жетекчилери эч бир өлкөдө башка бирөөнүн таасирин тааныбай турганын, Украина менен Грузия НАТОго кошулгусу келсе, ага толук укуктуу экенин кайталап келатышат.

Вашингтондогу Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия боюнча директору Майкл Макфоул Тбилиси менен Киевде эч кандай тынчсызданууга негиз жок деп ишендирди.

- Биз НАТОнун кеңейүү пландары жаатында Орусияга эч кандай кепилдик берип, же соодалашуу ниетибиз жок. “Кайра баштоо” саясаты үчүн да бул эки демократиялуу өлкө, Украина жана Грузия менен өтө жакын мамилелерден баш тартпайбыз.

Бирок айрым сынчы эксперттер Орусия Абхазия менен Түштүк Осетияда өз аскерлерин жайгаштырып, бул эки аймакты өзүнө тартуу аракетин кылчактабай улантып жатканына карабай, НАТО Кремль менен кайрадан толук кандуу кызматташа баштаганына көңүл бурушат. Андай сынчылардын демин басуу максатындабы, айтор АКШнын вице-президенти Жо Байден июль айында Киев менен Тбилисиге бараары жарыяланды.

Вашингтон андан сырткары Украина менен Грузиянын НАТО жана башка Батыштык институттарга кошулушуна эки өлкөнүн өзүндөгү татаал саясий жагдай кедерги болуп жатканына көңүл бурат. Грузияда президент Михаил Саакашвилинин отставкага кетишин талап кылган көчө акциялары апрелден бери токтой элек. Украина саргылт ыңкылаптан бери улам бир саясий кризистен башы чыкпай келатат.

Киевдик эксперт Евген Каминский ички проблемалар чечилмейинче тышкы саясатта жылыш күтүлбөөрүн айтат.

- Украинадагы саясий кризис аяктамайынча, АКШ жана Европалык өнөктөштөр Украина биригип, Киевде коопсуздук жана тышкы саясат боюнча бир пикир орногонуна көзү жетмейинче, Вашингтондун бизге карата саясаты бир жактуу аныкталбайт. Ушу тапта Украинада болуп аткан окуялар Американын демократиялаштыруу максатынан көрө бул коңшулаш Орусиянын улуу империялык дымактарына майдай жагып турган кез.

Эксперттердин баамында, Украина менен Грузиянын өзүндөгү татаал саясий кырдаал, Вашингтондун прагматикалык саясаты - бул эки өлкөнүн НАТОго кошулуу ниети кийинкиге калчу иш экенинен дээрлик күмөн санатпайт. Жагдайды Барак Обаманын Москвадагы сапары да алеки заматта өзгөртө албайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG