Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Герхард Шрөдер, Йошка Фишер. Эмки кезек да Германиядабы?


Германиянын мурдакы тышкы иштер министри Йошка Фишер “Набукко” газ долбооруна жардамга чакырылды. Фишер консультант ирети долбоорго саясый колдоо издеп, анын маанисин коомчулукка эффективдүү түшүндүрүүгө көмөктөшөт. “Популярдуу саясатчы демилгени Россиянын “Газпромуна” алдырып койгон “Набукко” долбоорун алга жылдыра алабы?” дешет айрым серепчилер.

61 жаштагы Йошка Фишердин негизги милдети: “Набукко” газ куурунун курулушун тездетүүгө саясый жактан жардамдашуу жана Түркиянын “Набуккого” болгон мамилесин жакшыртуу. 8 миллиард долларлык долбоор Евробиримдиктин Россия газына болгон көзкарандылыгын азайтуга тийиш. Анкара “Набукко” долбоорун колдосун Түркияны Биримдикке кабыл алуу боюнча сүйлөшүүнүн

"Йошка Фишер Европаны бирдиктүү федерация ирети көрөт. Дайыма анын максаты күчтүү, бирдиктүү Европа федерациясын түзүү болгон. Фишер Германиянын өтө түркиячыл саясатчыларынан."
Федерико Бодонаро.

Йошка Фишердин саясый тажрыйбасы "Набукону" бүткөрүүнү канчалык тездетери суроо...

жүрүшүнө жараша болот деп, сыр көрсөтүүдө.

Фишер жаңы кызматында мурдакы шефи, экс-канцлер Герхард Шрөдер менен атаандаш болот. Шрөдер төрт жылдан бери Россия менен Германияны Балтика деңизинин асты менен туташтырчу “Түндүк агымы” газ боросун курган “Газпромдун” мыяткери.

Италиялык талдоочу Федерико Бордонаро “Набукко” Шрөдердин өкмөтүндө жети жыл Тышкы иштер министрлигин жетектеген Фишерди тандап туура кылды дейт:

- Йошка Фишер Европаны бирдиктүү федерация ирети көрөт. Дайыма анын максаты күчтүү, бирдиктүү Европа федерациясын түзүү болгон. Фишер Германиянын өтө түркиячыл саясатчыларынан. Түркия “Набукко” долбоорунда чечүүчү ролду ойногондуктан, Фишерди дайындоодо анын Түркия, ошондой эле Түштүк Европанын Румыния, Болгария сыяктуу өлкөлөрү менен түзгөн дипломаттык байланышы чоң мааниге ээ болгон.

“Набуккону” курчу консорциумга Германия, Австрия, Венгрия, Румыния, Болгария жана Түркиянын энерегокомпаниялары кирет. Ушул беш өлкөнү бириктирчү 3, 3 миң чакырымдык боро азыр пайдалануудагы Баку-Тбилиси-Эрзурум газ жолуна кошулууга тийиш.

Шрөдер колдогон “Газпром” ушу тапта “Набуккого” атаандаш “Түштүк агымын” да алгалатууда. 2015-жылы бүтчү бул боро Украинаны айланып Түштүк Европага чыгат.

Россия азыр газга бай Азербайжан, Иран жана Түркмөнстан менен жакшы мамиле түзүп, Түркияны да “Түштүк агым” долбооруна тартууга аракет кылууда. Бир катар Түштүк Чыгыш Европа өлкөлөрү, анын ичинде Италия “Газпром” менен келишим түзүшкөн. Азербайжан өткөн аптада Россия менен газ келишимин түздү. Удаа эле Казакстан “Набуккого” саткыдай газ жок экенин билдирди. Ошон үчүн Йошка Фишердин кошулуусу - козголбой турган долбоор үчүн жетиштүүбү, белгисиз.

Бирок Бордонаро бул дайындоону Шрөдерди дайындоодой эле акыл калчап, туура жасалган чечимдин жыйынтыгы деп баалайт:

- Германия Брюсселде жана Страсбургда дипломаттык үстөмдүккө умтулуп жүргөн. Акыркы төрт-беш жылда Евробиримдиктеги көптөгөн маанилүү орундарды, өзгөчө өнөр жай, соода жана финансы секторунды германиялыктар ээлешти. Ошон үчүн, россиылыктар же башка оюнчулар мыяткерди биринчи Германиядан издегени табигый көрүнүш. Ошого Шрөдер жана Фишердин тандалганына мен таң калган жокмун.

Маалымат үчүн: “Набукко” газ боросунун жылдык кубаттуулугу 31 миллиард куб метрге, “Түштүк агымы” жылына 63 миллиард куб метр газ ташууга, “Түндүк агымы” жылына 55 миллиард куб метр газ жеткирет деп эсептелген. Азыр Европа керектеген газынын дээрлик төрттөн бирин Россиядан алат.

XS
SM
MD
LG