“Кыргызстан - кремний өндүрүү үчүн бардык шарттары бар уникалдуу жер болуп саналат. Бизде аба таза, суу көп, электроэнергиясы да мол. Биз колубуздан келишинче ушул мүмкүнчүлүктөрүбүздөн пайдаланышыбыз керек”, - деди президент Курманбек Бакиев 4-июлда Жалабат облусунун Таш-Көмүр шаарында жайгашкан “Таш-Көмүр силикон продакшнс” ЖАА поликремний өндүрүшүнүн ачылыш аземинде чыгып сүйлөгөн сөзүндө.
Мамлекет башчысы ишкананын жумушчу коллективи менен болгон жолугушуу учурунда аталган өндүрүштүн ачылышы - өлкө үчүн зор мааниге ээ окуя экендигин айтты. «Табийгат өзү бизге кремний продукциясынын дуйнөлүк рыногунда өзгөчө орунду ээлеп калышыбызга мүмкүнчүлүк берип жатат. Бүгүнкү күндө жарым өткөргүчтүү түзүлүштөрдүн 95 пайыздан ашыгы кремнийдин негизинде жасалат. Ошондон улам, рынокто ага болгон суроо-талап күн санап өсүүдө, ал эми дүйнөдө бир нече гана өлкө, анын ичинде Кыргызстан да бар, аны өндүрүүгө шарты бар”, - деди К.Бакиев.
Президент чийки зат базасын калыбына келтирүүнүн, андан соң акырындап жалпы өндүрүштүк байланышты да калыбына келтирүү зарылдыгына токтолду. “Мен өкмөткө үч айдын ичинде кремний продукциясын өндүрүү, анын жыйынтыгында Кыргызстанда электрониканы өнүктүрүү боюнча стратегиялык программаны иштеп чыгууга тапшырма берем. Бизге даяр продукцияны чыгарып баштоо зарыл. Чийки заттан тартып даяр продукцияга чейин баары бир жерде өндүрүлсө, ишкананын рентабелдүүлүгү кыйла артат эмеспи”, - деди К.Бакиев. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин СДП фракциясы парламент отурумунда бийлик Таш-Көмүрдөгү полукремний өндүрүүчү ишкананы өз баасынан арзан баага, болгону 1 млн. долларга сатып жиберди деп нааразылыгын билдирген эле. Бирок алардын дооматын өкмөт четке каккан.(AJ)