Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Өлкө башчысы Кара-Көл чакан ГЭСине капсула салды


Президенти Курманбек Бакиев 4-июлда Жалалабат облусунун Кара-Көл шаарынын чегиндеги Кара-Суу дарыясында жайгашкан Кара-Көл Чакан ГЭСинин пайдубалына капсула салуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, «Кичи энергетика өлкөнүн энергетика системасында маанилүү орунду ээлей турган болот, анткени ал аркылуу жарандарыбыздын көйгөйлөрү тезирээк чечилет жана буга азыраак каражат жумшалат”, - деди.

Ал ошондой эле чакан ГЭСтин курулушунун башталышынын эки чоң мааниси бар экендигин белгиледи. Бул курулуп жаткан чакан ГЭС Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы курулуп жаткан чакан гидроэнергетика объекти болуп саналарын, анын экологияга анчалык зыян келтирбегендиги жана Токтогул суу сактагычынын суу ресурстарын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди. Мамлекет башчы бул чакан ГЭСке жеке инвестициялар тартылып келинген алгачкы энергетикалык объект болуп саналарын кошумчалады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG