Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Ысык-Көлдө талапкер А.Атамбаевге тоскоолдук кылууга аракет жасалды


Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдөгү эл менен жолугушуусун 3-июль күнү Балыкчы шаарынан баштап, тынч тарады. Ал эми Чолпон-Ата шаарынын чыга беришинде белгиленген жолугушууну Бостери айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бузууга аракет кылды. Айыл өкмөт башчысы З. Үчкурткаев менен орун басары А.Нургазиев даярдалган балдар менен талапкер А.Атамбаевди сүйлөтпөй коюуга аракет кылышканда аларга эл мүмкүнчүлүк бербей, көпчүлүктүн арасынан сүрүп чыгарды.

А.Атамбаев КамбарАта ГЭСин курууну Бакиев эмес, өкмөттө отурганда өзү баштап, ага 300млн. сом каражат бөлгөнүн ж.б. бийликтин кемчиликтерин ачыктагыча эки тарап тиреше баштады. Аксакалдар талапкерге бата берип кетирип ийди. Бийлик өкүлүнүн айтуусунда облус бийлиги Атамбаевдин жолугушуулары кайсы аймакка өтсө ошол айыл өкмөтү жооп берип, суракка алынаарын эскертиптир. Ошон үчүн Атамбаевге эч ким каршы сүйлөбөй койгондо айыл өкмөттөгүлөр өздөрү чыгышкан экен. Бирок оппозициянын дооматы тууралуу маалыматты айыл өкмөтү тастыктаган жок. (RB)

XS
SM
MD
LG