Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Э.Бектемировдун жакындары президент К.Бакиевге кайрылуу жолдошту


Анда үстүбүздөгү жылы 7-апрелде Эрлан Бектемировдун үйүнө тартип коргоо кызматкерлери күч менен кирип барып, тыйуу салынган Хизбут-Тахрир диний уюмуна тиешелүү китеп, кагаздарды тинтип, бирок эч нерсе таппай койгону менен аны укук коргоо органдары Улуттук коопсуздук комитетинин абагына мыйзамсыз камаганы айтылат. Алар президенттен мыйзамсыздыкка жол бербөөнү, Бектемировдун Конституциялык укугун коргоону өтүнүшкөн.

Хизбут-Тахрирдин мүчөсү делип шектелип абакта жаткан Эрлан Бектемировдун жубайы Айсулуу Абитекова эмчектеги баласы менен бүгүн “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсээсине келип, УКМКнын абагындагы камалып жаткан жолдошу Эрлан Бектемировдун жүрөгүндөгү жасалма аппарат токтоп калуу коркунучунда экендигин, ага медициналык тез жардам көрсөтүү зарылдыгын айтты. Улуттук коопсуздук комитетинен болсо бул боюнча жооп ала алган жокбуз. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG