Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Президенттикке талапкерлер жана алардын өкүлдөрү Ошто болушту


Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурган жолугушууда талапкер Нурлан Мотуев эгерде шайланып калса, газды жана электр энергиясын бекер кылаарын, ошондой эле эң төмөнкү маяна 10 миң сом болоорун жарыя кылды. Ал эми атаандашы Токтайым Үмөталиева өлкөдөгү адам укугунун сакталышына көңүл бураарын айтып, жогорку кызматтарга жалаң кесипкөйлөрдү тартууну убада кылды. Талапкер Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Алымбай Кадыров президенттин ыйгарым укуктарын калган бийлик бутактары менен тең бөлүштүрүү, стратегиялык мааниге ээ жайларды менчиктештирүүнү тыюу маселеси бышып жетилгендигин эскертти. Ага улай азыркы президент Курманбек Бакиевдин ишенимдүү адамы Кубаныч Исаков Кыргызстандагы акыркы ийгиликтерди көрбөй жаткандарды “сокур” деп атады. Ош шаардык шайлоо комиссиясынан маалымдагандай, талапкерлер Темир Сариевге, Жеңишбек Назаралиевге кабар жетсе да, кездешүүгө келишкен жок.

Ошентсе да, жергиликтүү талдоочулар президентикке талапкерлер жана алардын өкүлдөрү кайым айтышуу, бири-бирин жүйөөсүз сындоо деңгээлинен көтөрүлө албай жатышкандыгын белгилешүүдө. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG