Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Нарындыктар президенттикке талапкерлердин дебатын теле-шоу катары карашууда


Кечээ түнү Улуттук сыналгыдан түз уюштурулган КРнын президенттигине талапкерлердин бетме-бет баарлашуусун Нарындык бир катар жарандар теле шоу катары кабылдашканын билдиришүүдө. Ошондой эле маңдай-тескей баарлашууга талапкерлер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин катышпагандыктарын сынга алышууда. Өзүн Аскар деп тааныштырган Нарындын тургуну Президенттикке талапкерлердин дебатын УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановдун шоусу болду деп эсептейт, деп билдирди кабарчыбыз Күмөндөр Усуптегин. 3-июлда кечки саат жыйырма эки жарымда УТРКдан президенттикке талапкерлер Темир Сариев,Токтайым Үмөталиева, Жеңишбек Назаралиев, Нурлан Мотуев бетме-бет баарлашып, ой-пикирлерин, көз караштарын билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG