Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Шайлоо бюллетендери басыла баштады


4-июлдан тарта Бишкек шаарындагы “Учкун” басмаканасында шайлоо бюллетендерин даярдоо башталды. 23-июль күнү болуучу президенттик шайлоодо колдонулчу бул бюллетендерди басып чыгаруу 18-июлга чейин уланып, жалпы 2 миллион 834 миң 919 даана бюллетен даярдалат.

“Учкун” басмаканасы шайлоо бюллетендерин даярдап жаткандыгына байланыштуу өзгөчө режимде иштөөгө киришти. Учурда басмакананы милиция кызматкерлери, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кайтарууга алышууда. Даярдалып жаткан ачык көк түстөгү бюллтендер сегиз баскычтан турган коргонууга ээ. (IJz)

XS
SM
MD
LG