Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Атбашылыктар кыргыз-кытай чегиндеги абалга санаркоодо


“Азаттык” үналгысына ишенимдүү булактар билдиришкендей, эртең Ат-Башы районунда эл жол тосууга чыгып, Торугарт бажы бекети бери карай 50 километр жылып жатканына нааразычылыгын билдиришмекчи. “Ак шумкар” партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Урмат Акуновдун айтымында, Нарын эли ушул тапта Кыргызстандын кыйла жери Кытайга 49 жылга ижарага кетиптир деген маалыматка нааразы болушууда. “Учурда бажы бекети бери карай жылып атат. Демек бийликтегилер жерибизди дагы сатышкан окшойт. Ат-Башыда эл жол тоскону жатканын мага да айтышты. Мен дагы алардын акциясына барып кошулам”,- дейт ал.

Учурдагы президент жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев Ат-Башы районунун эли менен жолугушканда да бул маселе көтөрүлүп, президент бул маселеге сөзсүз көңүл бурарын, өлкөнүн бир дагы жери сатылбай турганын айткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG