Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:43

Президенттикке талапкерлер эл менен жолугушууну улантышат


БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев бүгүн Нарын облусунун райондорун кыдырат. “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев Ош облусунун Араван, Ноокат райондорунда, түштөн кийин Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушат. Нью-Йорк университетинин изилдөөчүсү, саясат талдоочу Талапкерлердин ичиндеги жалгыз аял –Токтайым Үмөталиева Баткен облусун кыдырууда, ал бүгүн Кадамжай районуна бармакчы. Кечээ облустун Кызыл-Кыя шаарында шайлоочулар менен жолугушуусуна милиция кызматкерлери тоскоолдук кылышты, деп нааразы болгон талапкер айым, ички иштер министрине кайрыларын билдирген. Талапкер Курманбек Бакиев Жалал-Абат облусун кыдырып келди. Азыркы президент шайлоочулар менен жолугушуусун жумушчу сапары менен айкалыштырып, облустагы бир катар ишканаларда болду.
Президенттикке талапкерлердин айрымдары эл менен жолугушуу учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери тарабынан бут тосуулар болуп жаткандыгын айтып, нааразылыгын билдиришсе, азыркы президент Курманбек Бакиев менен жолугушууга бюджеттик кызматкерлерди күч менен катыштыруу болуп жатканы айтылууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG