Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Президенттикке талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууда


“Ак шумкардын” талапкери Темир Сариевге Аравандагы автобекетте жолугушуусуна жергиликтүү бийлик тоскоолдук кылып, жолугушуу борбордук аянттагы Жеңиш күнүнө карата тургузулган эстеликтин жанында өтө турган болду. Бул тууралуу “Ак шумкардын” маалымат кызматынын жетекчиси Улан Карыпов “Азаттыкка” бидирди.
Ал эми президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева Баткен облусунун Кадамжай районунда “Металлург” маданият үйүндө шайлоочулар менен жолугушууда.

Президенттикке БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев болсо учурда Жети-Өгүз районунун Покровка айылында эки миңге чукул шайлоочулар менен жолугушууда. Ал бүгүн түштөн кийин Тоң районунда болуп, кечинде Нарын шаарына жол тартат. 7-июлда Ат-Башы, Ак-Талаада, 8-июлда Нарын эли менен жолугушат. Бул тууралуу талапкердин басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка” кабарлады.

Президенттикке талапкер Курманбек Бакиев ушул тапта Бишкекте Улуттук филармонияда Саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлеринин кесиптик күнүнө байланыштуу салтанаттуу чогулушка катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG