Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылында жүзгө чукул адам жол тосушту


Торугарт-Бишкек жолунда жүк ташуучу машинелер топтолууда. Жол бууган Ат-Башылыктар Аксай, Арпа жайлоолоруна малдарын жайлаганы чыгышкан малчыларга уруксат берилбегенине, аларды куралчан жоокерлер кайра артка кайтарганына нааразы болушууда. Алар Торугарт бажы бекети райондун аймагына 50 чакырым ичкери жерге жылдырылып,анын курулушун кытайлык жарандар куруп жатканына жана Аксай, Арпа аймагы Кытайга 49 жылга ижарага берилет деген маалыматка нааразы болушууда. Бул тууралуу жол тоскон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Мирлан Токталиев билдирди.

8-июнда Курманбек Бакиев Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушканда алар Аксай,Арпа жайлоолору Кытайга узак мөөнөткө ижарага берилип жатабы деген маалыматты четке кагып, Торугарт бажы бекети жашоо-шарттын катаалдыгынын улам бери жылдырылганын айткан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG