Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

ИИМде автоунаалар жана компьютерлерди тапшыруу аземи болду


Бүгүн Ички иштер министрлигинде ЕККУнун Бишкектеги баш кеңсээсинин элчиси Эндрью Тесорьер жана министр, милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин катышуусунда кварталдык жана кайгуул күзөт бөлүмдөрүнө, райондук ички иштер бөлүмдөрүнө “Нива” үлгүсүндөгү автоунаалар расмий тапшырылды. Аймактык жана райондук милиция бөлүмдөрүнө отуздан ашуун компьютерлер тапшырылды. Бул иш чара “2009-жыл Социалдык кызматташык жылы" программасынын алкагында өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG