Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Экс-министр Исмаил Исаков Жогорку Сотко аппеляциялык арыз жолдоду


Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Исмаил Исаков менен “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев Жазык процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүндөгү “жеке арыз боюнча соттун чечими өйдөкү сот инстанциясында каралбайт” деп укуктук ченем киргизилгендиги Баш мыйзамдын беренелерине карама-каршы келет деп Конституциялык сотко кайрылышкан. 23-июнда Конституциялык сот алардын арызын канаатандырган чечимин чыгарган. Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмүнүн өкүлү сотто доогерлердин жүйөөлөрү менен макул болуп, Жазык процесстин 73-беренесинин акыркы бөлүгү Конституцияга каршы келерин моюнга алган. Буга чейин экс-министр Исмаил Исаковдун Бишкек гарнизондук сотунун судьсына ишеним көрсөтпөө тууралуу арызын Аскер Соту канаатандырган эмес. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG