Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык районунда жекшемби күнү болгон тополоңдо кеминде 140 адам набыт болуп, 800дөн ашуун адам жабыркады. Бул 1990-жылы Бээжиндин Тянанмен аянтында болгон кызыл кыргындан берки эң чоң калаба деп бааланууда.

Жекшемби күнү Үрүмчүдө жергиликтүү уйгурлар менен хан кытайлар арасында болгон кагылышта 140тай адам өлүп, 800 ашуун киши жарадар болгон. Өкмөттүк Синхуа агенттигинин маалымдашынча, бычак-канжар, таш жана союл-таяктар менен куралданган уйгурлар хан кытайларга кол салышып, автомобилдерди өрттөшкөн, баррикада куруп, полиция менен салгылашкан.
“Кытай өкмөтү уйгурларды жок кылыш үчүн жана асимиляциялоо үчүн колунан керген бардык мыйзамсыз иштерди жасоодо. Азыр да уйгурлар укуктарын коргоо максатында демонстрацияга чыгышты”.
УДКнын вице-президенти Аскар Жан


“Chia Daily” гезити тополоңго 500дөй адам чыкты десе, мерикалык уйгурлар биримдиги нааразылык акциясына 3 миңден аз эмес адам катышты дейт.

Ал эми Уйгурлардын дүйнөлүк курултайы - УДКнын вице-президенти Аскар Жандын “Азаттыкка” уйгурлар Үрүмчүдө жана анын чет жакаларында да демонстрацияга чыкканын билдирди:

-Бизге келген маалыматтарга караганда, нааразылык акциялары Үрүмчүдө жана анын чет жакаларында болуп, ага 10 миңдей киши катышкан. Кытай аскерлери жана полиция демонстранттарга каршы ок атканда 200 дөн ашуун уйгур өлгөн.

Маалыматтарга караганда, дүйшөмбүгө караган түнү Үрүмчүдө коменданттык саат киргизилип, шаардын көчөлөрүн 2 миңдей полиция кызматкери күзөтүүдө. Шаардагы чоң жолдордун кесилишине мыкты куралданган полиция күчтөрү коюлган. Шаардыктар Интернетти жана чөнтөк телефондорун колдоно албай калышкан. Бул окуяга байланыштуу бир нече жүз киши камакка алынган.

Дүйшөмбү күнү Шинжаңдын экинчи чоң шаары Кашкарда дагы ондогон уйгурлар демонстрацияга чыккан. Жергиликтүү элдин айтышынча, Кашкарга жана Ак-Суу шаарына кошумча полиция киргизилген.

Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун губернатору Нур Бекри дүйшөмбү күнү сыналгыдан сүйлөп, кандуу булоонду өлкө ичиндеги жана тыш өлкөдөрдөгү уйгур жикчилери, террорчулар жана диний экстремисттер уюштурду деп билдирди:

- Кытайдын ичиндеги жана сыртындагы үч күч Кытай компартиясына жана өкмөтүнө каршы чабуулду жанаталаша уюштурду. Алар элди шаарда демонстрацияга чыгууга чакырды. Алар этникалык топтордун жана эриш аркак жашаган элдин ынтымакташтыгына олуттуу зыян келтиришти. Стабилдүүлүк жыргалчылыкка жана башаламандык жамандыкка алып барарына тарых күбө. Этникалык топтор ынтымактын зарылдыгын түшүнүшкөндө, Шинжаң социалдык-экономикалык жактан тез өнүгүп, эл анын пайдасын көрөт.

Кытай өкмөтү тополоң үчүн жоопкерчиликти Уйгурлардын дүйнөлүк курултайына жүктөдү. Бирок, АКШда сүргүндө жашаган үрүмчүлүк ишкер аял - Рабия Кадыр башындагы УДК ырасмий Бээжиндин айыптоосун четке какты жана тополоң хан кытайлардын экономикалык үстөмдүгүнө нааразы болуп, тынч демонстрацияга чыккан адамдарга полиция ок ачкандан кийин башталганын маалымдады.

Кытай бийликтери былтыр март айында Тибетте болгон тополоңду да чет өлкөдөгү күчтөр уюштурду деп атаган.

Associated Press агенттигинин кабарлашынча, нааразылык акциясына Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында өткөн кандуу кагылышуу түрткү берген. Июнда Шаогун шаарындагы фабрикалада, Кытай маалымат булактарынын кабарлашынча, хан кытайлар менен уйгурлар арасында болгон чатакташууда эки уйгур өлүп, 100дөн ашуун адам жараат алган.

Уйгурлардын Бээждинден көзкарандысыз мамлекетин курууну көздөгөн УДК Кытай өкмөтүн уйгур маданиятын өнүктүрбөйт жана аймактын кен-байлыктарын тоноодо деп сындап келет.

- Чыгыш Түркстанда кандай нааразылык акциясы болбосун ал үчүн Кытай өкмөтү Уйгурлардын дүйнөлүк курултайын күнөөлөйт. Өкмөт бизди караландын ордуна региондогу уйгурлардын көйгөйлөрүн угуп, алардын талаптарын аткарса, нааразылык акциялары эч качан кайра кайталанбайт эле. Акыркы 50 жылда уйгурлардын түйшүгү көбөйдү. Биз өз эне тилибизди ырасмий түрдө колдоно албайбыз, сөз эркиндиги же диний эркиндик да жок. Балдардын төрөлүшү да көзөмөлгө алынган. Региондо 46 жолу ядролук сыноо өткөрүлдү. Кытай өкмөтү уйгурларды жок кылыш үчүн жана асимиляциялоо үчүн колунан керген бардык мыйзамсыз иштерди жасоодо. Азыр да уйгурлар өз укуктарын коргоо максатында демонстрацияга чыгышты”, деди УДКнын вице-президенти Аскар Жан "Азаттык" радиосуна берген интервьюда.

Шинжаң-уйгур автономиялык районунун элинин теңине жакыны же 8 миллионго чукулу этникалык уйгурлар. Шинжаң-уйгур автономиялык районунун тарыхый аталышы - Чыгыш Түркстан. Кытайдын түндүк батышындагы бул регион өлкөнүн Борбор Азияга чыккан соода жана энергия дарбазасы саналат жана газга, түрдүү минералдарга бай.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG