Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

Бишкек-Торугарт жолун тоскондор бийликке 10-июлга чейин талап коюшту


Кечээ Бишкек-Торугарт жолун тосуп, кайра ачкан атбашылыктар Арпа, Аксай жайлоолорунун канча жылга, канча гектар жер ижарага берилип жаткандыгы тууралуу маалымат берүүнү талап кылышты. Алар мындай талабын кечээ жол тоскондор менен жолугушуу үчүн барган 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго жана ЖК депутаты Аскарбек Салымбековго билдиришти. Эгерде 10-июлга чейин так маалыматтар берилбесе, 10-июлдан тартып, кайрадан жол тосууну улантышмакчы. Алар ошондой эле президенттик шайлоого бойкот жарыялаша тургандыгын да билдиришүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун Ак-Муз айлынын тургуну, Нарын облусунун ардактуу атуулу Калыбек Арабаев кабарлады. 6-июль күнү Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айлында жүзгө чукул киши Бишкек-Торугарт жолун тосуп, 3-4 сааттан кийин кайра ачышкан. Алар бул иш-чарага Торугарт бажы бекети райондун ичине карай 50 чакырым жылдырылып жаткандыгына нааразы болуп, Кыргызстанга тиешелүү жерди бийлик 49 жылга Кытайга ижарага берди, деген кептен улам барып жатышкандыгын билдиришүүдө.
Ат-Башы районунун акиминин орун басары Тимур Козубеков болсо жайлоолорду Кытайга ижарага берди, деген сөз жалган деп “Азаттыкка” билдирди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG