Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:36

Кытайдын Үрүмчү шаарында болгон тополоңдо кыргызстандык жарандар жабыркаган жок


Бул тууралуу КР тышкы иштер министринин 1-орун басары Руслан Казакбаев маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтуусунда Үрүмчү шаарына каттаган кыргызстандык соодагер-ишкерлердин коопсуздугу кытайдын күч органдары тарабынан камсыздалып жатат. Башка чет мамлекеттердин жарандары сыяктуу эле кыргызстандыктардын коопсуздугу да кытайлык полициянын кароосу алдында, мындан тышкары абалга Үрүмчүдөгү кыргыз консулдугу көз салып турат, дейт Руслан Казакбаев. Ал эми КР чек ара кызматынын маалыматы боюнча чектеш шаардагы баш-аламандык учурунда, кыргыз-кытай чек арасы жабылган жок, акыркы күндөрү чек арадагы текшерип өткөрүү тартиби күчөтүлдү.
5-июндан 6-июнга оогон түнү Кытайдын Шиңжаң уйгур автономдуу районунда баш-аламандык болуп, анда кеминде 156 киши набыт болгон, 800дөн ашууну жаракат алган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG