Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Ирандын Жогорку лидери Батышты сынга алды


Жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменейи Батышты “Ирандын ички иштерине кийилигишүүдө” деп сынга алды. Сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө Хаменейи кайсы өлкөлөр тууралуу айтып жатканын ачыктаган жок. Бирок буга чейин Иран бийлиги президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акциялары үчүн АКШ жана Британияны сындап келген.

Июндун аягында Британиянын Тегерандагы элчилигинин тогуз кызматкери “тополоң уюштурууга катышкан” деген кине менен камакка алынган. Алардын сегизи көп өтпөй бошотулган. Батыш өлкөлөрү буга чейин Ирандагы демонстранттарга каршы зомбулукту айыптаганы менен, өлкөнүн ички иштерине кийилигишпей тургандыктарын айтышкан.

Ал аралыкта оппозиция лидери Мир Хосейин Мусави 12-июнда өткөн президенттик шайлоо бийлик системасындагы кемчиликтерди ачканын, мындан ары да миңдеген демонстранттардын укугу үчүн күрөшүн улантарын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG