Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Корея боюнча билдирүү кабыл алды


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 4-июлда баллистикалык ракеталарды учурганы үчүн Түндүк Кореяны сынга алды. Мурдагы советтик тактикалык баллистикалык ракеталардын түрүнө окшогон бул ракеталар ишемби күнү таңга жуук Түндүк Кореянын чыгыш жээгинен учурулуп, алар Жапон деңизине келип түшкөн. Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн билдирүүсүндө Пхеняндын бул аракеттери аймактык жана эл аралык коопсуздукка коркунуч жаратып, ал БУУнун резолюциясына каршы келери айтылат.

12-июнда Бириккен Улуттар уюму Түндүк Кореяга каршы катаал чектөөлөрдү киргизген. Бир добуштан жактырылган чектөөлөргө ылайык, Түндүк Кореяга тыйуу салынган курал-жарактар ташылып кирилишине жол койбоо үчүн аба, деңиз жана кургактык аркылуу ташылып жаткан жүктөргө өтө катаал көзөмөл жүргүзүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG