Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Президенттикке талапкерлер шайлоочулар менен жолугушуусун улантууда


Учурда президенттикке “Ак шумкар” партиясынан талапкер Темир Сариев Сузак районунун Cовет айылынын тургундары менен жолугушууда. Ал бүгүн Жалал-Абад шаарында жана Кочкор-Атада шайлоочулар менен жолугушат.

Айымдардан жалгыз президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева болсо жаңы эле Баткен облусунун губернатору Марат Жумабековго жолугуп, мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылып чыкканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кызыл-кыя, Кадамжайдын бийлиги талапкер менен элди жолугуштурууга, шайлоо алдындагы үгүт иштерине шарт түзүп бербегени аз келгенсип, облустагы коопсуздук комитетинин кызматкерлери артынан такай аңдуу жүргүзүүдө. “Коопсуздук комитетинин кызматкерлерин шайлоочулар көргөндөн кийин, алардан коркушуп жолугушууга катышпай кетип калышууда”,-дейт Үмөталиева. Ал бир аздан кийин Баткендик шайлоочулар менен жолугушарын билдирди.

Президенттикке БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев учурда Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушууда. Андан соң ал Ак-талаа районуна сапар алат. Бул тууралуу талапкердин штабынан билдиршти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG