Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

1-октябрга чейин электр кубатын маал-маалы менен өчүрүү токтотулду


Бул тууралуу бүгүн өнөр жай, энергетика жана отун министри Ильяс Давыдов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, шайлоого байланыштуу республика аймагында электр кубаты өчүрүлбөйт. Ал ошондой эле быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү болсо мектептерде электр кубаты өчүрүлбөй тургандыгын, бир аз чектөөлөр болушу мүмкүндүгүн белгиледи. И.Давыдов жыл аягына чейин газ маселеси боюнча көйгөйлөр болбостугун, бул маселе боюнча Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтты. Министрдин маалыматына караганда учурда Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 10 млрд. 113 млн. кубометрге жеткен. (AJ)

XS
SM
MD
LG