Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Ж. Назаралиевдин бир тууганы алдамчылык кылды деп айыпталууда


Президенттикке талапкер, дарыгер Жеңишбек Назаралиевдин бир тууганы Саадат Назаралиева гипноз колдонуп алдамчылык кылууда. Бул тууралуу бүгүн өздөрүн С. Назаралиевага алданып жабыркагандар деп тааныштырган адамдардын тобу билдирди. Алардын бири Тынар Жумабаевдин айтымында, С. Назаралиева банктан кыймылсыз мүлкүн койдуруп айрым адамдарга кредит алып берип турат, бирок кардалар кредитин төлөп болгондон кийин ижарага койгон мүлктөрүн алалбай калышат. Алар бир нече жолу укук коргоо органдарга кайрылып, бирок аракеттеринен майнап чыккан эмес. С. Назаралиева өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып, бул иш-аракеттер анын бир тууганынын президенттик шайлоого катышып жатканы үчүн атайлып уюштурулуп жатат, деп билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG