Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Пакистанда АКШныкы делген учкучсуз учак согушкерлерге сокку урду


Маалыматтарга караганда, АКШныкы делген учкучсуз учак бул ирээт ракеталык соккуну Талибандын Пакистандагы лидери Байтулла Мехсуддун машыктуруу лагерине жасаган. Окуя Пакистандын Ооганстан менен чектеш Түштүк Вазирстан чөлкөмүндө болду. Пакистандын чалгын кызматындагы өкүлдөрдүн айтымында, азыркы ракеталык соккудан кеминде 12 согушкер мерт болгон, алардын арасында Байтулла Мехсуддун өзү жок.

АКШ былтыр августтан бери ооган-пакистан чек арасындагы буталарга учкучсуз башкаруудагы учактар аркылуу 40 жолудан ашуун сокку урду. Пакистан бийликтери мындай аракетке өлкөнүн суверенитетин бузгандык катары расмий нааразылык да билдирген.

XS
SM
MD
LG