Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Үрүмчүдө коменданттык саат киргизилди


Коменданттык саат бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 21:00дөн, эртең мененки саат 8:00гө чейин созулат. Мындай тартип аймакта сан жагынан үстөмдүк кылган кытайлар менен Шинжаңдын түпкү калкы уйгурлардын тирешүүсү күчөп турган шартта киргизилди. Бүгүн полиция жүздөгөн кытайлардын Үрүмчүдөгү демонстрациясын таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Полиция ошондой эле жекшемби күнкү тополоңдорго байланыштуу 1400дөн ашуун адамдын камалышына каршы нааразылык акциясына чыккан 200дөн ашуун уйгурду, көбүн эсе аялдарды да күч менен таратты. Эки тарап зордук-зомбулуктардын тутанышы үчүн бири-бирин айыптоодо.

Шинжаң-Уйгур автоном районундагы азыркы тополоңдор учурунда, расмий маалыматка караганда, 156 адам мерт болду, 800дөн ашуун киши жаракат алды

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG