Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Президенттикке талапкер Темир Сариев Жалал-Абат облусун кыдырууда


«Ак шумкар» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Улан Карыповдун билдиргенине караганда, Темир Сариев адегенде Сузак районундагы Багыш айылында болду. Аталган айылда бийликти жактаган адамдар ага тийишме суроолорун беришти. Алар Т. Сариевдин «Кыргызстандын пайдубалын түптөө» жөнүндөгү программасын укккандан кийин « биз К. Бакиевди шайлайбыз деп убада берип койгонбуз. Президенттик эмки шайлоодо добушубузду сага берели» деп узатышты. Жалал-Абат шаарындагы жолугушууда Темир Сариев чек ара маселеси олуттуу экендигин белгиледи. Ага ак калпак, ак чепкен кийгизгендердин арасында оппозицияны биригүүгө чакырган ойлор да айтылды. Шайлоочулардын арасында талапкер менен элдин жолугушуусун бийлик адамдары менен жөнөкөй кийимчен коопсуздук жана тартип сакчылары акмалап турушту. Талапкер Жалал-Абат шаардык базарды кыдыргандан кийин Кочкор-Ата шаарын көздөй жөнөп кетти. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG