Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Нарындыктар Торугарт бекетинин жылышы боюнча ТИМден түшүндүрмө талап кылды


7-июлда Нарын губернаторунун орун басары Эрлан Сапарбаев айрым бейөкмөт уюмдарынын лидерлери, журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Анда Торугарт маселеси, өкмөттүк комиссиянын чечими кандай болоору жөнүндө сөз болду. Чогулгандарды документсиз, кытайлык офицерлер биздин жерде курулуш куруп жаткандыгы кызыктырып, бул боюнча тышкы саясатты көзөмөлдөгөн Тышкы иштер министрлигинин пикирин билүү жөнүндө сунуш айтылды. Ал эми Эрлан Сапарбаев маселе чечилгендигин, чек ара бекети жылбай ордуна калгандыгын эч кандай жол тосуу болбой тургандыгын билдирди. “Naryn.kg” медиа борбору өткөргөн ал маалымат жыйынга 15 адам катышты. Андан соң ЖК депутаты Гүлжамал Султаналиевага шайлоочулардын атынан аталган маселе боюнча кайрылуу жолдошту.

Кыргыз-кытай чегиндеги Торугарт чек ара бекети эгер азыркы турган жеринен 50 чакырымдай ичкери, Коргон-Таш деген жерге жылса, БУУнун реестрине кирген Кызыл китепке сакталган индия кара казы түнөк кылган Чатыр-Көл көлү аркы тарапта калмак. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG