Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

Кытайдын Кыргызстанга жакын жайгашкан Үрүмчү шаарында улуттар аралык кагылышуу болуп, натыйжада 140 киши каза тапты. Ушул тапта дүйнө эли бул окуяны кызуу талкууга алып жаткан учур. “Азаттыкттын” бул окуяга байланыштуу тү ободогу суроолоруна Азия таануучу, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаев жооп берди.

- Үрүмчүдө жекшембиден дүйшөмбүгө оогон түнү болгон баш-аламандык улуттар аралык араздашуудан улам келип чыккандыгы айтылууда. Айрым басылмалар 150дөй кишинин өмүрүн алып кеткен тополоңго “Чыгыш Түркстан” деп аталган кыймылды айыптап жатышса, айрым маалымат каражаттары уйгурларды баш көтөртпөй жаткан кытай бийлигин айыптап, ичинен ириген жара жарылып жатат, деп жазып жатышат. Сиздин пикириңиз кандай бул боюнча?

- Албетте Кытай Кыргызстандын негизги чоң кошунасы, мында негизиги үч проблема бар, бул Тайвань, Тибет, Чыгыш Түркстан. Шинжаң аймагы негизги проблемалардан болуп эсептелет. Бул этникалык эмес саясий мүнөзгө ээ аймактардын бири, ал жерде айрым маалыматтар боюнча 10 миллионго жакын уйгурлар ошол 1949-жылдан бери өздөрүнүн азаттыгы боюнча күрөшүүнүн ар түрдүү формаларын жасап келишет. Бирок кечеки чыккан тополоң этникалык мүнөзгө ээ болгон жөнөкөй эле ошол көптөн бери калыптанып келаткан, көптөн бери жарылууга даяр болгон жара сыяктуу чоң бир башталыш болуп эсептелет.

Бирок негизги шылтоо болуп ишканада чыккан чыр болуп атат, бул көптөн бери калыптанып келаткан чоң маселенин жарылышынын шылтоосу десек болот. Албетте, бул Кытай бийлигинин өзүнүн ички маселеси, бирок Кыргызстан кошуна болуп тургандыктан четте калбай, өзүбүздүн пикирибизди айтышыбыз керек. Албетте ар бир улуттун, ар бир этникалык коомдун эркин болушка, жеке өз тагдырын өзү чечүүгө толук укугу бар. Ал эми уйгурлардын маселеси - Кытайдын ички жеке маселеси болуп эсепелет деп ойлойм.

- Орусиянын “Комсомольская правда” гезити Шиңжаң-Уйгур автономдуу облусун Кытайдагы Чеченстан, деп жазып чыкты. Шиңжаң-Уйгур автономдуу облусу да Чеченстан сыяктуу көз карандысыздыкка умтулуп жаткандыр?.. А дүйнөлук коомчулук кандай мамиле кылышы мүмкүн бул маселеге?

- Жок, Чеченстанга салыштырууга мүмкүн эмес, анткени Чеченстан 90-жылдардагы бир системадан кулап экинчи бир системага өтүп аткан мезгил болуп эсептелет. Ал эми Кытайдын бүгүнкү шарты таптакыр башка. Акыркы 15-20 жылдын ичинде Шиңжаңга Кытайдын ички аймактарына 40 миллиондон 60 миллионго чейин адам көчүрүлүп келди. Азыркы учурда мамлекеттик каражаттардын, өзгөчө инвестициянын келиши бул эң артта калган провинция болуп эсептелген аймактын азыркы учурдагы экономикалык жактан көтөрүлүшүн аныктап атат.

Ошондуктан этникалык жактан салыштырмалуу салмак азыр ушул Кытайдын хань кытайлыктар тарабында болуп атат. Анткени азыркы учурда 7- 8 миллион уйгур, ал эми бул аймакта 90-100 миллионго жакын кытай калкы жашайт. Ошондуктан бул жерди Чеченстанга салыштыруу толук мүмкүн эмес, 1949-жылдан бери Кытай бийлиги, кытай калкы жашайт. Кытай бийлиги уйгурлардын азаттык үчүн болгон күрөшүн ар тараптуу басуу максатында мамлекеттик деңгээлде иш аткаргандыктан бүгүнкү күндө бул Чыгыш-Түркстанда уйгурлар чоң аракет жасап, өзүнүн эркиндигин жеңип алат деген түшүнүктөн биз алыспыз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG