Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Майкл Жексондун элесине арналган концерт өттү


Лос-Анжелесте даңазалуу поп-музыка жылдызы Майкл Жексондун элесине арналган концерт өттү. Staples Center стадионуна маркум ырчынын миңдеген күйөрмандары чогулушту. Поп-музыка жылдыздары катышкан концертке дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрөмандар күбө болушту. Полиция атактуу ырчы менен коштошуу зыйнаты алдында көргөн чаралар масштабы жагынан шаардын тарыхындагы буга чейинки окуялардын баарын, анын ичинде 1984-жылкы Олимпиаданы да басып өттү. Концерт башталар алдында Форест-Лоун көрүстөнүндө Жексондун жакындары жана досторунун катышуусу менен ырчыны жерге берүү жөрөлгөсү өттү. Даңазалуу ырчы Майкл Жексон 25-июнда 50 жаш курагында жүрөк оорусунан дүйнө салган.

XS
SM
MD
LG