Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Депутат Р.Шабатоевдин жакындары билдирүү менен чыкты


Бүгүн маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин СДП фракциясынан депутат Руслан Шабатоевдин эжеси Лариса Өмүралиева, "Элдик биримдик" партиясынын мүчөсү Гүлнара Карабаева, жакын агасы Тынайбек Усупов билдирүү менен чыкты. Алар президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев шайлоо алдындагы үгүт сапарында Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда “ биздин бир тууганыбыз, өзүнүн партиялашы Руслан Шабатоевди капкачан эле өлгөн, аны ким өлтүргөнүн билебиз, деп айтыптыр. Билсе ачыктап, анын анын чоо-жайын аныктап айтып берсин”,-деген талап коюшту. Эгерде бир жуманын ичинде талаптары аткарылбаса А.Атамбаевге каршы митинг өткөрүшөрүн жарыялашты. Бул маселенин чоо-жайын аныктап берүү үчүн Шабатоевдин жакындары 3-июлда СДПга кайрылышкан.

Президенттикке талапкер А.Атамбаевдин борбордук штабынан болсо бул маселе боюнча президенттикке БЭКтин бирдиктүү талапкери А.Атамбаев үгүт сапарынан келгенден кийин өзү жооп берерин билдиришти.

Жогорку Кеңештин СДП фракциясынан депутат Руслан Шабатоев өткөн жылы 30-сентябрда белгисиз жагдайда жоголуп кетип, ошондон бери дареги билинбей келет. Президент Курманбек Бакиев убагында Р.Шабатоевди жана экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановду укук коргоо органдарынын тез арада издеп табуусун милдеттендирип, бул ишти өзү жеке көзөмөлгө алганын билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG