Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Президенттикке талапкер Т.Үмөталиева талапкерлерди тегерек үстөлгө чакырды


Мындай демилге менен чыккан талапкер Токтайым Үмөталиева президенттикке талапкерлер “ийри отуруп, түз кеңешип” шайлоо алдындагы кырдаалды кылдат талкуулап, “Ар намыс” кодекси сыяктуу документ кабыл алуу зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, шайлоо алдында эл арасында ажырым пайда болуп, бийлик тарабынан президенттикке талапкерлерге ар кандай кысымдар болуп, бут тосуулар күчөөдө.

БШК болсо шайлоо алдындагы үгүт иштеринде жергиликтүү бийлик тарабынан тоскоолдуктар көрсөтүлүп жатканыдыгы тууралуу талапкерлерден даттануулар болбогонун билдирген. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG