Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

АКШ: Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстан жана Беларус менен чогуу кирүү сунушу аткарылгыс


Бул тууралуу бүгүн АКШнын соода министри Гэри Локк билдирди. Анын ырастоосунда, мына ушундай көз карашты Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөрдүн көбү карманууда.

Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна Бажы союзу боюнча өнөктөштөрү Беларус жана Казакстан менен чогуу кирүүгө умтуларын, болбосо Москва сүйлөшүүлөрдү токтоторун орус өкмөт башчысы Владимир Путин өткөн айда айткан эле.

АКШнын соода министри белгилегендей, мындай сунуш “иштерди гана кечеңдетет” жана Кошмо Штаттар орус өкмөт башчысынан алдыда кеңири түшүндүрмө алууну каалайт. Гэри Локктун айтымында, Москванын жогорудагы жарыясына чейин АКШ Орусия менен анын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү боюнча макулдашууга жакын калган болчу жана тиешелүү келишимди быйылкы жылдын соңуна чейин түзүшө алмак.

XS
SM
MD
LG